Ксилография

Википедия дан

Ксилография (ксило... жана – графия) – жыгачтын бетине, аны оюп, кырып сүрөт тартуу; 2) жыгачтын бетине ушул жол менен тартылган сүрөт, гравюра. Басуу формасы (клише) жыгачка кол менен оюп даярдалат. Мында бийиктен басуу сыяктуу сүрөттөн кагазга түшүрүлө турган элементтери бир тегиздикте болуп – ал эми түшүрүлбөй турган бөлүгү оюлуп ылдый түшүрүлөт. Бийик элементтерге боёк жугуп – андан кагазга басылат. Ксилография жолу менен даярдалган формадан гальвано-клише алынат. Полиграфияда Ксилография китеп-журналдарга көркөм сүрөттөрдү тартуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]