Кудаяр хан

Википедия дан
Кудаяр Хан.

Кудаяр Хан (1829–1879) – Кокон хандыгын 1845–58, 1862–63, 1865–75-жылы башкарган хан.

Таластагы саруулардын айылында атасы Шералы Базар баатырдын үйүндө жашап жүргөн мезгилде туулган. Апасы Жаркын-айым аксылык саруу бийи Токтоназардын кызы болгон.

1842-жылы атасы Шералы ордодогу белгилүү мамлекет ишмер Нүзүптүн жардамы менен хан көтөрүлгөндөн кийин Коконго келген.

1844-жылы Шералы хан ордодогу козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин 14 жаштагы Кудаяр балакай кылып алган Мусулманкулдун эркине баш ийип, Кокон хандыгына хан көтөрүлгөн. Ордодогу ыйкы-тыйкы, так талашуунун капшабынан ал үч жолу тактыдан куулган.

Кыргыздардын жээни Кудаяр хан алгач таекелерине жан тартып жүрсө да, ордо турмушуна көнгөн сайын кыргыз бийлерин кысымга алып, эзүүнү күчөткөнү элетке кадыры кеткен. Натыйжада, ага каршы 1873-жылы Фергана өрөөнүндө кыргыздар башында турган элдик кыймыл башталган.

1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги Ташкенге келген. Орус бийликтери аны үй- бүлөсү, жакындары менен Оренбург шаарына жөнөтүп жиберишкен.

1877-жылга чейин Оренбургда жашаган Кудаяр Бухара эмирлиги аркылуу Ооганстанга качып өтүп, Мекеге зыярат кылат. 50 жашка толгон Кудаяр Мекеден Багдад аркылуу Түркстанга кайтып келе жатып, Ооганстандын Мазари-Шариф деген жеринде каза болуп, ошол жердеги көрүстөнгө коюлган.

Кудаяр хан башкарган мезгилде хандык – феодалдык эзүү күчөп, ич ара чабыштар, кошуна хандыктар, Орусия менен уруштар күчөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]