Кулмак

Википедия дан

Кулмак (Humulus) — оролмо өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык, эки үйлүү. Гүлү майда, бир жыныстуу. Жөнөкөй жалбырагы сабагында туташ жайгашкан. 4 түрү жер бетиндеги мелүүн алкакта таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Кыргызстанда кадимки кулмак өстүрүлөт. Анын тобурчагында ашаткыч, ачуу, ароматтуу ж. б. заттар болот. Энелик гүлү (20—40) тобурчак сымал, аталык гүлү шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Чайыр-аромат зат — лупулин бар. Мөмөсү — жаңгакча. Негизинен Түндүк Америка жана Европада эгилет. Вегетация жолу менен көбөйөт. Анын топ гүлүн (тобурчагын) күзүндө жыйнап, кургатып, күкүрттүү газ менен ыштайт да, пиво кайнатууга керектейт.Айрым сорту кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]