Кулон Шарль Огюстен

Википедия дан

Кулон Шарль Огюстен (14.6.1736, Ангулем — 23.8.1806, Париж) — француз физиги, Париж Илимдер академиясынын мүчөсү (1781-жылы). Орто мектепти бүткөндөн кийин инженердик аскерде иштеген. 1772-жылдан техникалык механика (курулмалар статикасы, жел тегирмен теориясы ж. б.) боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Кылдын, жибек жиптердин жана ичке металл зымдарынын толгонуусун изилдеген жана толгонуу теориясын түзгөн; толгонмо таразаны ойлоп чыгарып, аны электр жана магниттин өз ара аракеттениш күчтөрүн өлчөө үчүн колдонгон. 1785—1789-жылдары жети мемуары жарыяланган, мында электр заряддарынын жана магнит уюлдарынын өз ара аракеттенүү мыйзамы (Кулон мыйзамы) берилген. Кулондун эксперимент эмгектери электр-магнит кубулуштар теориясын түзүүдө мааниси зор. Электр санынын бирдиги (кулон) Кулондун ысмынан аталган. Кургак сүрүлүү мыйзамын ачкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]