Кулпунай жыты

Википедия дан
Кулпунай жыты
Çilek Kokusu
Жанр

Мелодрама, романтикалык комедия

Жараткан

Фарук Тургут

Ролдордо

Демет Өздемир,
Юсуф Чим,
Экин Мерт Даймаз

Мамлекет

 Түркия

Түпнуска тили

Түркчө

Сезондордун саны

1

Сериялардын саны

23

Өндүрүш
Режиссёр

Филиз Гүлмез Пакман

Сценарий

Бану Зенгин Так
Асли Зенгин

Тартылган жерлер

Стамбул

Хронометраж

110 мүнөт

Экрандарда

IMDb

ID 4900982

«Кулпунай жыты» (түрк. Çilek Kokusu) — Түркия телесериалы.Жай, деңиз, кулпунай жыттанган бул сериалдын сюжети бир караганда чындыгында эле баналдуу көрүнөт. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан сулуу "күлчү кыз" менен ата-энесинин эркеси, тентеги, көз күйдүргөн бойдок жигиттин ортосундагы махабат баяны. Сериал жаштар арасында кызыгуу арттырып, 3-сериясы экранга чыкканда эле жыл ичинде жарнама берүүчүлөрдүн көңүлүн бургандыгы боюнча алдыңкы орунга чыккан. Алгач бардык талаптар боюнча эң жогорку сапаттагы сериал деп бааланган бул эмгектин рейтинги өсүүсүн токтотту деген себеп менен режиссёр акыркы серияларын кыскартып салганы айтылып келет. Бирок буга миллиондогон кино сүйүүчүлөр нааразычылыгын билдиришкен.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш каармандардын бири Аслы келечекте аты алыска тараган кондитер болууну самайт. Ал өзү иштеген кондитердик дүкөндүн кардары Волкан аттуу жигитке тымызын ашык болот. Бирок тагдыр жолу Аслыны капыстан Бурак менен жолуктурат. Аслы кардардын тапшырмасы менен торт жеткирүү үчүн жолдо баратканда кырсыкка кабылат. Буга себепкер Бурак кечирим сурабастан оройлук көрсөтүп, экөө уруша кетишет. Тапшырыкты убагында жеткирбегени үчүн Аслы жумушунан айдалып, курбу кызы экөө жумуш издеп Бодрумга жол тартышат. Бурак менен Аслынын кийинки жолугушуусу учакта болот. Андан кийин түнкү клубда, мейманканада, көл жээкте, айтор, кайда барышпасын "бул кайра эле сенсиңби?" деген сөздү айтууга аргасыз болушат. Ал эми Стамбулга кайтышканда экөө бир үйдө жашап жатышканын бир нече күндөн кийин гана билишет.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыкттуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Түркиялык "SOMERA" агенттигинин иликтөөсү боюнча, 2015-жылдын эң рейтинги күчтүү актрисасы деп баш каарман Демет Өздемир табылган.
  • Режиссёрдун айтымында, сериал Түркиянын сулуулугун даңазалап турушу керек. Андыктан башкы ролдорго моделдик келбетке ээ актёрлор тандалып, тасманы эң кооз жерлерде тартуу иштери жүргүзүлгөн.
  • Сериал гардеробунун көптүгү боюнча да алдыңкы орундарда. Актёрлор бир кийилген кийимди кайталап кийишкен эмес.
  • Сергек жашоо образына үндөгөн бул сериалдан тамеки чегип жаткан адамдарды кездештирүү мүмкүн эмес.
  • Сериалда эң көп колдонулган сөздөр "Жаным менин" жана "Менин сүйүүм".