Кушит тилдери

Википедия дан

Кушит тилдери — Африканын чыгыш жана түндүк-чыгышындагы Семит-хамит уясына (семьясына) кирген тилдердин тобу. Алар 5 топчодон турат: 1) түндүк — бедауйе; 2) борбордук — агав тилдери; 3) чыгыш — афар-сахо тилдери (афар, сахо), галла-сомали (сомали, бони, байсо, рендилле, галла цамай ж. б.), сидам (сидам, хадия, буржи ж. б.), камбата, консо-гелеба (консо, гато, гидоле, арборе, гелеба, могогода ж. б.); 4) батыш — омето, каффа ж. б.; 5) түштүк иракв, аса жана нгомвиа тилдери. Кушит тилдери консонантизмге (муун түзө албоочу тыбыштарга ) бай. Этиш (жак, сан, түр, чак боюнча) жана атооч сөздөрү (сан, түр, жөндөмө ж. б.) өзгөрүлмөлүү келет. Сомали жана галла тилдеринин жазмасы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]