Күүгүм (романдар сериясы)

Википедия дан
Күүгүм китеби

"Күүгүм" (англ. Twilight (novel series)) — америкалык жазуучу Стефани Мейердин калемине таандык вампир темасын камтыган мелодраммалык фэнтези китептердин сериясы. 2005-жылдан тартып 2008-жылга чейин жыл сайын жарык көргөн төрт китеп Вашингтондун Форкс жергесине көчүп барып, 104 жаштагы вампир Эдвард Калленди сүйүп калган өспүрүм Изабелла "Белла" Свондун окуясын баяндайт. Китептер сериясындагы окуялар көбүнчө Белланын көз карашы менен баяндалат. Ал эми Эклипс эпилогу менен 2-бөлүм болсо карышкыр кубулма Жейкоб Блэк тарабынан сүрөттөлөт. Басылып чыгарылбаган "Түн ортосундагы күн" "Күүгүм" сериясынын Эдвард Каллендин көз карашы менен кайра баяндалган биринчи китеби. "Эклипсте" пайда болгон жаңы туулган вампирдин окуясын камтыган "Бри Таннердин экинчи кыска жашоосу" новелласы катуу мукаба менен 2010-жылдын 5-июнунда басылып чыгарылган, ал эми электрондук китеп болуп 7-июнда жарык көргөн. "Күүгүм сага: Иллюстрацияланган расмий нускама" аттуу жыйынтыктоочу энциклопедиялык китеп 100дөй сүрөттөр менен 2011-жылдын 12-апрелинде китеп дүкөндөрүнүн текчелеринде пайда болгон.

Биринчи роман, "Күүгүм" 2005-жылы жарык көргөндөн бери китептер сериясы дүйнөдө окурмандардын кеңири катмарында популярдуу болуп, коммерциялык ийгилик жарата алган. Китептер сериясы жаштар арасында абдан популярдуу. Төрт китеп тең бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Эң белгилүүлөрү — 2008-жылы "Таң" китеби Британ китеп сыйлыгынын "Жылдын балдар китеби" наамын алган, ошондой эле китептер сериясы 2009-жылы Балдардын тандоосу сыйлыгынын "Сүйүктүү китеп" наамын жеңип алган.

2011-жылы ноябрда китептер сериясы дүйнө жүзү боюнча 120 миллиондон ашуун нуска менен сатылып, жок эле дегенде 38 тилге которулган. "Күүгүм" китебинин төртөөсү тең USA Today гезитинин бестселлер китептер тизмесинде 2008-жылы эң көп сатылган роман катары биринин артынан экинчиси рекорд койгон. Ал эми New York Times гезитинин "Балдар китептеринин сериясы" бестселлер тизмесинде 235 аптадан көп убакытка чейин түшкөн эмес.

Китептердин негизинде Summit Entertainment компаниясы эки "Күүгүм" тасма сериясын тарткан. Биринчи үч китептин негизинде ылайыкташтырылып тартылган тасмалар 2008, 2009 жана 2010-жылдары тиешелүү түрдө жарыкка чыккан. Төртүнчү китеп болсо толук метраждуу эки тасмага ылайыкташтырылып, биринчи кинотасма 2011-жылдын ноябрында чыкса, экинчиси 2012-жылдын ноябрында көрүүчүлөргө сунушталган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]