Көк жору

Википедия дан

Kөк жору же балта жутар (Gypaetus barbatus), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалы чачыранды. Түндүк Африканын тоолуу аймактары, түштүккө карай Дракон тоолоруна чейин. Европада Пириней жарым аралдардын тоолору; Кипрге кокусунан учуп келгени байкалган. Азиянын батышында Кичи Азиядан тартып, чыгышында Син-Тибет тоолоруна, түндүккө карай Палеарктиканын бийик тоолоруна, түштүк жакта Синай жарым аралына, Түндүк Ирак, Түштүк Иран, Борбордук жана Афганистанга, Гималайдын жана Юнкандын түштүк бетине чейин. Ошондой эле, Кызыл деңиздин чыгыш жээктеринен түштүк жагынын жармына чейин уяларын салат . Кыргыз Республикасында Батыш, Түндүк, Борбордук жана Ички Тянңшандын бийик тоо кыркаларында, ошондой эле Памир-Алайда кездешет .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тянңшанң тоо системасынын бийик тоолуу аймактарында кездешет, көбүнчө тилке кеткен релңефтерде жашоосуна мүнөздүү; анда-санда жапайы ача туяктуулар жашаган (жайылган) түзөңдөрдө, ошондой эле мал чарбасынын жайыттарында да кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көк жору адатта бийик тоолордо отуруктуу куштардын бири, ошондуктан анын санына атайлап эсеп жүргүзүлгөн эмес. Анын саны республиканын түштүк тарабында көбүрөөк. Эгерде түндүк тарапта маршруттук эсепте (1км2 да 0,01-0,4 особң) 1-2 куш байкалса, ал эми түштүктө 3-5 особдон кем эмес. Ноокат районундагы Мазарсай жайытында 27-28-сентябрда 12ге чейин көк жору байкалган, анын ичинен 5өө чоңдору болгон. 1992-жылы август-октябрң айларынын ичинде республика боюнча байкоо жүргүзүлгөн маалда 34 көк жору катталган, анын ичинен 21 чоңдору, 12 особдордон – 1-3 жаш жана бирөө ошол жылдагы балапаны болуп чыккан.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Отуруктуу түр. Биринчи уясын кышында эле салат. Басышы 2 айга чейин созулат. Уясында 1-2 жумуртка, бирок учууга чейин анын бирөө гана аман калат. Балапандары август-сентябрң айларында басылып чыгышат. Кыргызстанда көк жорунун популяциясынын жаштык структурасы боюнча жүргүзүлгөн байкоолорго караганда, чоңдору (жетилгендери) жыл сайын эле көбөйүүгө катышпагандыгы белгилүү болду.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапайы туяктуулардын санынын кыскарылышынын эсебинен тоют базасынын азайышы. Ошону менен бирге, малдын санынын көбөйүшү анын санына жагымдуу таасирин тийгизбей койбойт, себеби өлгөн мал утилизацияланбай калат . Кээде адамдар тарабынан түздөн-түз жок кылынышы.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зоопарктарда ийгиликтүү эле көбөйүшөт. Кыргызстанда колдо өстүрүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Кызыл китебине киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялаган жерлерин сөзсүз түрдө коргоого алуу, байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, андан алынган каражаттарды жасалма жол менен тамактандырып экологиялык туризмди өнүктүрүү. Ошондой эле жергиликтүү эл куштарды өлгөн малдын эти менен камсыз кылуусун уюштуруу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI category, Near Threatened, NT: R. Кыргызстандын фаунасынын уруусунда бир гана өкүлү. G.b. aureus (Hablizl, 1783) түрчөөсү кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]