Көкчө-Тоо

Википедия дан
Көкчө-Тоо.

Көкчө-Тоо (казакча Көкшетау; орус. Кокшета́у, 1868-жылдын 21 октябрынан 1993-жылдын 7 октябрына чейин — Кокчета́в) — Казакстандагы шаар.

1999-жылдан Акмоло облусунун (1944— 97-жылдары Көкчө-Тоо облусунун) борбору. Копа көлүнүн жээгинде жайгашкан. Республиканын борбору Астана шаарынан 276 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 133,1 миң (2003). Тама-каш (эт комбинаты, сүт жана балык з-ддору) жеңил, машина куруу, металл иштетүү, химиялык, картон-кагаз ж. б. өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер (мамлекеттик, техникалык), институттар (экономика, менежмент), мамлекеттик коллеждер, 2 театр, филармония, стадион, 6 спорт мектеби бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]