Көөлү кырка тоосу

Википедия дан
Конституция чокусу.

Көөлү кырка тоосуБорбордук Теңир-Тоодо. Ак-Суу районунун түштүк-батыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Көөлү, чыгышынан Сары-Жаз, түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Үч-Көл, Сары-Чат өрөөндөрү менен чектешип, түндүк-батышынан чыгышка карай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орточо бийиктиги 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м (Конституция). Протерозойдун гранит, гранит-диорит, гнейс, мрамор, сланец, кембрийдин филлит, кумдук, силурдун акиташ теги, девондун андезит, порфирит, доломит, пермдин жегичтүү гранит, сиенит, габроиддери кездешет. Тоо миздүү кырлар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. Көөлү кырка тоосундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км2. Кар чеги 4000-4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түштүктү караган беттерде шалбаалуу талаа, субальп ландшафттары кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]