Латекстер

Википедия дан

Латекстер — полимерлер суудагы дисперсиялары. Табигый Л. — каучук өсүмдүктөрүнүн (бразилия гевеясынын) сүт сымал ширеси. Анын курамында 34-37 % каучук, 52-60 % суу, бир аз белок, кант жана минерал заттары болот. Табигый Л. курамы дарактын жашына, климаттык шартка, жыл мезгилине жана башка көз каранды. Табигый Л. каучук терс заряддалган глобула түрүндө болот. Анын бетинде бети активдүү заттар (белок, самын жана башка) болот да Л. коагуляциядан сактайт. Табигый Л. натуралдык каучук алууда жана резина буюмдарын даярдоодо колдонулат. Синтездик Л. — эмульсиялык полимерлөөдөн пайда болгон синтет. каучуктар суудагы дисперсиялары. Булардан башка синтездик Л. поливинилацетат, поливинлхлорит сыяктуу пластиктер дисперсиялары да кирет. Синтет. Л. — коллоиддик система. Алардын агрегаттык туруктуулугу эмульгаторлор молекуласы же иону менен байланыштуу болот, полимер материалдары ичинен колдонушу б-ча синтет. Л. биринчи орунда турат. Резина буюмдарын, сууга аралашуучу боёктор, терини иштетүү, кагазды каптоо, изоляциялык өткөргүчтөрдү алууда, курулушта, полиграфия, хим. жана башка ө. ж. ишканаларында желим катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]