Латыштар

Википедия дан

Латыштар, латвиеши (өздөрүн латвиеши деп аташат) – эл, Латвиянын негизги калкы. Россия (18,9 миң, 2002), АКШ (87, 6 миң, 2000), Канада (27,9 миң, 2006), Улуу Британия (30 миң, 2006), Австралия (18,9 миң, 2001), Ирландияда (14 миң, 2006) да жашашат. Жалпы саны 1, 6 млн киши, анын ичинде 1, 3млну Латвияда (2011). Латыш тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – протестанттар жана католиктер. Латыштардын ата-бабалары биздин заманга чейин 3–2-миң жылдыкта Латвия аймагын мекендеген балт уруулары (латгал, сел, земгал жана куршей жана башка) болгон. Ошондой эле алардын курамына балтика-финн боюндагы уруулар – ливдердин тукумдары кирген. 10–12-кылымда латыштардын алгачкы мамлекеттик түзүлүшү – Талава, Ерсика жана Кокнесе княздыктары пайда болгон. 12-кылымдын аягында латыштар немистерге, 16-кылымда Литва улуу княздыгына, 18-кылымдын аягында Россия империясына караган. Этностук биригүүнүн натыйжасында латыш эли түзүлүп, 19-кылымда улут катары калыптанган. 1940-ж. Л. СССРдин курамына кирип, 1991-ж. Көз каранды эместик жөнүндө декларация кабыл алган. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук. Аялдар негизинен туника сымал узун ак көйнөк, чакмак бел көйнөк – юбка (кээде сарафан) кийип, башына жибек жоолук салынып, ак түстүү чачылуу жамынма жамынат. Кыздар башына шуру бастырылган кызыл түстүү топу, келиндер саймаланган кеп такыя (чепец) кийишет. Эркектер узун күрмө, шым, көйнөк, башына шляпа (майрам күндөрү кара же боз түстүү) кийип, белине кур курчанат. Улуттук тамакашы негизинен дан (негизинен буурчак), сүт, эт азыктарынан даярдалат. Кара буудай, арпадан тартылган пиво, зараң жана кайың ширеси улуттук суусундук катары колдонулат. Салттуу майрамдары – Рождество, Жаңы жыл, Пасха, Иванов күнү жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7