Ле-Пюи

Википедия дан
Ле-Пюи.

Ле-Пюи, Ле-Пюи-ан-Веле – Франциядагы шаар. Жогорку Луара департаментинин административдик борбору. Калкы 23,2 миң (2010). Жолдор тоому.

Шаар 4-кылымдын аягында негизделген. Роман стилиндеги 6 кумпалуу Нотр-Дам собору (11–12-к.; маңдайы 5 ярустуу аркададан туруп, 2 түстүү таш менен, каптал порталдары (12-к.) мусулман архитектурасынын салттарында кооздолгон; оюуланган эшиктери (12-к.), коңгуроо (13-к.), дубалдарга тартылган 12–15-кылымга таандык сүрөттөр жана башкалар бар). Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Аны айланта Сен-Жан баптистерийи (11-к.), «Машикули» имараты (12-к.), Жансыз капелла (12-к.) жайгашкан. Доминикан Сент-Лоран чиркөөсү (14–15-к.), Сент-Клер монастыры (1432), Паннессак мунарасы (15-к.), «Сен-Видаль» отели (15–16-к.), епископтордун ак сарайы (16-кылымдын аягы), готикалык жана Ренессанстык турак-жайлар сакталган. Ратуша (1752), Крозатье фонтаны (1858) жана музейи (1865–68) жана башкалар бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм бизнеси түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7