Лейлек району

Википедия дан
Лейлек району
Белгиси
Белгиси

Лейлек району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Баткен облусу

Курамында:

9 айыл өкмөтү,
2 шаар,
48 айыл

Акимий борбору:

Раззаков

Ири шаарлары:

Сүлүктү, Раззаков

Түзүлгөн убакыты:

1928

Аким:

Баймурат Бекмуратов

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2021):

146 020

Улуттук курамы:

кыргыздар — 66,3 %
башкалар — 33,7 %[1]

Жер аянты:

4,7 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 5 390 м
 401 м

Саат алкагы:

UTC+6

Унаа коду:

A

Расмий сайты

Лейлек районуБаткен облусундагы район. 1928-ж. уюшулган. Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан (мында чек арасынын узундугу 297 км), чыгышынан Баткен району менен чектешет. Республиканын борбору Бишкектен 1135 км, Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км, облустун борбору Баткен шаарынан 135 км алыстыкта. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар (Раззаков, Сүлүктү), 9 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Борбору – Раззаков.

Райондун аймагы Фергана ойдуңунун бир аз бөлүгүн (мында Кыргазстандын деңиз деңгээлинен эң жапыз жери жайгашкан, 401 м) жана аны түштүккө карай улап жаткан адырлар менен бийик этек тоолор тилкесин (алардын аралыгында Маргун, Даргун, Мадыген, Исфана жана башка чакан өрөөндөр жайгашкан) ээлейт. Ошондой эле Түркстан кырка тоосунун түндүк капталы (эң бийик жери 5390 м, Сабах чокусу), андагы өрөөн, капчыгайлар Бели-Сынык, Тоо-Жайлоо жана башка тоолордун түндүк капталдары да райондун аймагына карайт.

Лейлек району.

Климаты континенттик, жайы ысык, кургак; кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы өрөөндөрдө –4ᵒС, тоолордо –9ᵒС, июлдуку 25– 29ᵒС, тоолордо 15–20ᵒС. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 150–300 мм, тоолордо 400– 600 мм.

Суулары: Ак-Суу (куймалары: Дакат-Суу, Сардала, Сумбула), Кара-Суу, Лейлек (куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Кожо-Бакырган). Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. Негизинен боз, тоолоруна тоо-токой, тоошалбаа топурактары мүнөздүү.

Өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу: жарым чөлдүү талаа (700–1500 м), талаа (1500–2700 м), арча жана сейрек токой (2500–3000 м), субальп талаасы, альп (3000–3500 м) өсүмдүктөрү өсөт. 3500 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат.

Райондо облустун калкынын 27,3%и жашайт (2009). Орточо жыштыгы 1 км2ге 22,4 киши. Төрөлүүнүн деңгээли 26,2‰, өлүм-житим – 5,2‰, табигый өсүш – 2,3‰ (2009). Калкынын 67,4%и кыргыздар, 26,1%и өзбектер, 6,1%и тажиктер, 0,4%и башка улуттар. Калкынын эмгек жашына чейинкилери 44,7%, эмгек жашындагылары 48,4%, эмгек жашынан өткөндөрү 6,9%.

Райондун экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы – дан эгиндерин өстүрүү жана кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 466,1 миң га (2009-ж.), анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 253,0 миң га (жеринин 54,3%и). Айдоо аянты 34,2 миң га (анын 9,7 миң гасы сугат жер), 3,4 миң гасы көп жылдык өсүмдүктөр эгилет, 6,6 миң гасы чабынды, 207,6 миң гасы жайыт (2009). Дан эгиндери 17,0 миң гага анын ичинде буудай (7,9 миң га), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5), картөшкө (0,7), жашылча (0,8) жана башка өстүрүлөт. Багбанчылык (3,4 миң га) жана жүзүмчүлүк өнүккөн. 2010-ж. райондо 33,7 миң бодо мал (а. и. саан уй 18,5 миң), 170,0 миң кой-эчки (облустагы кой-эчкинин 38,5%и), 3,2 миң жылкы, 60,8 миң үй куштары асыралган. Облуста өндүрүлгөн дандын 31,0%ин, картөшкөнүн 31,3%ин, жашылчанын 35,0%ин, жүзүмдүн 22,1%ин, эттин 34,4%ин, сүттүн 35,3%ин, жүндүн 38,3%ин берет (2009).

Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 13,2%ин чыгарат (2009). Өнөр жайдын негизин тамак-аш өнөр жай түзөт. Ири ишканалары: «Бохус–Юг», АРБЭТ и К кичи ишканалары (шарап чыгарат), «Лейлек курулуш» кыш чыгаруучу заводу, «Ынтымак» АК (кийим тигүү цехи) жана башка. Райондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы узундугу 405 км, анын ичинде 123 кми эл аралык, 65 кми мамл., 217 кми жергиликтүү мааниде. Аймагынан Ош – Раззаков, Раззаков – Ош – Бишкек автомобиль жолдору өтөт. 2009-ж. автомобиль транспорту менен 274,7 миң т. жүк, 73,4 млн км жүргүнчү ташылган.

Райондо жалпы билим берүүчү 56 (анын ичинде 2 музыкалык) мектеп, гимназия, 20 мектепке чейинки мекеме, кесиптик-техникалык орто окуу жайы, № 48 лицей, балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор, 27 айылдык китепкана, 19 маданият үйү, 4 музей, ошондой эле клубдар, маданий эс алуу жайы жана парк бар. Райондук бир, аймактык 5 оорукана, 23 ФАП, 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт (2009).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Легендарлуу Лейлектин аталышы жөнүндө

  • (1-жоромолу) - Лейлек аймагында байыртадан илек-илек кушу байырлап, алар абдан көп болгондуктан, ошолордун атынан ал Илек-Илек, кийин Лейлек аталып калган дешет. Куш ысымдуу Лейлек жергебиз деп ата-бабаларыбыз ушул вариантты туура көрүп жүрүшөт.
  • (2-жоромолу) - Кокон хандыгынын тушунда бул аймак таза суусу, абасы, арча, жыпар гүл жыттуу тоолору, кийик, уларлары менен хандын жана бектердин көңүлүн өзүнө буруп турган. Ар жылы жазда алар бул аймакка келип, жайлоолордо эс алышып, кызгалдак терип кетишкен делет. Кызгалдакты өзбектер, тажиктер лола деп аташат. Ошол лолага барабыз, лолак көп жер, лолактуу жер делип жүрүп, Лолак, анан Лейлек аталып калган деп айтылат.

Административдик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондук маанидеги шаарлары:

Раззаков шаарынын курамындагы айылдар[2]:

Райондо 9 айыл аймагы бар[2]:

Эскертүү: Сүлүктү — Баткен облусунун облустук маанидеги шаары, андыктан Лейлек районуна кирбейт. Восточный шаар тибиндеги посёлогу (штп) жана Кольцо айылы Сүлүктү шаарынын курамында болууда.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. КР калкынын каттоосу 2009. Баткен облусу
  2. 2.0 2.1 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 10.06.2022