Ленин мөңгүсү

Википедия дан

Ленин мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы дендрит тибиндеги тармакталган ири мөңгү. Уз. 13,5 км, аянты 55,3 км2. Кызылсуунун сол куймасы Ачыкташ суусунун төрүндө жайгашкан. Ленин атн. чокунун түн. тарабында.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7136 м, этеги 3760 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5300 м, абляция облусунун аянты 35,8 км2. Фирн облусу түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосунун дого сымал ийилген кыры менен торолгон. Мөңгүдөн Ачыкташ суусу башталып, Кызылсууга сол тараптан куят.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]