Леон, Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон шаары

Википедия дан
Леон.

Леон, Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон шаары – Никарагуадагы шаар. Леон департаментинин административдик борбору. Тынч океандын түндүк жээгинде жайгашкан. Калкы 145,2 миң (2010); өлкөдөгү калкынын саны боюнча Манагуадан кийинки 2-шаар.

1524-ж. испаниялык конкистадор Ф. Э. Кордоба тарабынан негизделген. 1609-ж. жер титирөөдөн талкаланган. Шаардын эски бөлүгүнүн калдыгы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 1820–52-ж. көз каранды эмес Никарагуанын борбору болгон. Бир кабаттуу шаардын тарыхый курулуштары, кафедралуу собор (18-к.), Сан-Хуан-Баутиста–Сутиаба (17-к.), СанФрансиско (17-к.) жана башка чиркөөлөр, епископ ак сарайы сакталган. Булгаары, текстиль жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Металл өндүрүшү (медицина столдору, идиш-аяк, газ плита), айыл чарба техникалары, самын жана кир кетирүүчү каражаттар чыгарылат. Илимий-изилдөө мекемелери, улуттук жана христиан автономия университеттери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7