Леонид Гурвич

Википедия дан
Леонид Гурвич (2005).

Леонид Соломонович Гурвич (анг. Leonid Hurwicz; 21-август 1917-жыл, Москва, Орусия Республикасы - 24-Май 2008-жыл, Миннеаполис, АКШ) - орус-жөөт тектүү америкалык экономист, Миннесота университетинин ардактуу профессору. Коулс комиссиясында иштеген, 2007-жылкы "Нобель" сыйлыгынын экономика боюнча лауреаты.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балалыгы жана жаш кези[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонид Гурвич 1917-жылы Октябрь революциясына эки ай калганда Москвада польшалык жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөсү 1919-жылы атасынын (атасы Сорбонна бүтүрүүчүсү, жактоочу болгон) мекени болгон Варшавага кайткан. 1938-жылы Варшава университетинде магистр даражасын (LL.M.) алып, окуусун Лондон экономика мектебинде уланткан. Ал жерде Николас Калдор жана Фридрих Хайектин лекцияларына катышкан.

1939-жылы Женевага барган. Бирок 1939-жылдын 1-сентябрында Экинчи дүйнөлүк согуш башталып калган. Анын ата-энеси жана бир тууганы Варшавадагы согуштан качып, советтик лагерлерге туш болушкан. Гурвич көбүрөөк жолдуу чыгып, бир мезгил Швейцарияда жашап, Женевадагы Эл аралык изилдөөлөр институтунда (Graduate Institute of International Studies) окуусун уланткан; Людвиг фон Мизестин семинарларына катышкан. Португалияда да жашаган.

АКШга көчүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940-жылы АКШга кеткен. Ал жерде Пол Сэмүэлсондун (1941-жылы Массачусетс технология институтунда) жана Оскар Лангенин (Чикаго университетинде) ассистенти болуп иштеген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чикаго университетинин Метеорология институтунда окутуучу болуп иштеген. Буга катар экономика факультетинде статистика сабактарын берген. Ал ошондой эле Коулс Комиссиясынын экономика жаатындагы изилдөөлөрүнө катышкан (1942-жылдын январынан 1946-жылдын июнуна чейин жана 1950-жылдын октябрынан 1951-жылдын январына чейин. Бирок 1961-жылга чейин кеңешчи болуп кала берген.)

1944-жылы Эвелин Женсенге үйлөнгөн (Evelyn Jensen, 1921-жылы 31-октябрда туулган). Эвелин экөө төрт балалуу болушкан: Сара (1946), Майкл (1949), Рут (1951) жана Максим (1953).

Окутуучулук жана илим-изилдөө иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-46-жылына карата Жон Саймон Гуггенхайм стипендиясын алган. 1946-жылы Айова Штатынын (Iowa State College) Колежинин доценти (associate professor) болгон.

1951-жылы Миннесота университетинин алдындагы Ишкердик жана башкаруу мектебинде экономика жана математика профессору болгон. 1961-жылы статистика факультетинин деканы болуп шайланган, 1969-жылы экономиканын наамдуу профессору болгон (Regents' Professor of Economics). Профессор Л. Гурвич (full-time professor катары) 1988-жылы кызматынан кеткен. Бирок, 1989-жылдан тарта Куртис Карлсон атындагы экономиканын ардактуу профессору болгон (Curtis L. Carlson Professor of Economics) жана күзгү жарым жылдыкта экономика боюнча аспиранттык курс окууну уланткан.

2008-жылдын июнь айынын орто ченинде бөйрөк жетишпестигине байланыштуу ооруканага жаткырылып, 24-июнда көз жумган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]