Ли Софус Мариус

Википедия дан

Ли Софус Мариус (17. 12. 1842, Норфьордейд – 18. 2. 1899, Кристиания (азыркы Осло)) – норвег математиги. Петербург ИАнын (1896) чет элдик мүчөсү, 1872-жылдан Кристиания, 1896– 98-ж. Лейпциг университеттеринде профессор. Үзгүлтүксүз группалардын классикалык теориясын түзгөн. Анын алгачкы эмгектери таза геометриялык маселелерге арналган (1871–72). 1872-ж. Ли дифференциалдык теңдемелер теориясына өлчөмдүү геометрия түшүнүгүн жана анын ыкмаларын киргизген. Ли дифференциалдык теңдемелер теориясы, алгебра, геометрия негиздери, топология жана теориялык физиканын андан ары өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ли (немис математиги Ф. Клейн менен бирге) геометриялык теорияны группалык өзгөртүүлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыккан (1849–1925).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7