Лизинг

Википедия дан

Лизинг (англ. leasing) ― мүлк сатып алуу жана аны лизинг келишиминин негизинде жеке жана юридикалык жактарга белгилүү акысын алуу менен келишимде аныкталган шарттар боюнча белгилүү мөөнөткө, лизинг алуучуга мүлктү андан ары сатып алуу укугу менен берүү боюнча инвестициялык ишмердиктин түрү.

Лизингдин негизги түрлөрү:

  • ички, эл аралык;
  • каржылык, кайтарылуучу, ыкчам.

Лизингдин негизги типтерине:

  • узак мөөнөттүү (3 же андан көп жылдык);
  • орточо мөөнөттүү (1,5 жылдан 3 жылга чейинки);
  • кыска мөөнөттүү 1,5 жылдан аз) кирет.

Лизинг буюму ― пайдаланылбай турган буюмдар, анын ичинде ишканалар жана башка имараттар, курулмалар, жабдуулар, унаа каражаттары, анын ичинде жер участоктору жеке ишкердикте пайдаланылышы мүмкүн болгон башка жаратылыш объектеринен сырткаркы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7