Лоян шаары

Википедия дан
Лоян.

Лоян шаарыКытайдын байыркы борбору. Лохе дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,4 млн (агломерациясы менен 1,6 млн; 2010).

Шаар биздин заманга чейин 1108-ж. негизделип, алгач Лои деп аталган. Бир нече жүздөгөн жылдар кытай династияларынын – биздин заманга чейин 770-жылдан биздин замандын 516-ж. чейин Чжоу (Ванчэн), биздин замандын 25-жылынан 220-ж. чейин Соңку Хань, 265–317-ж. чейин Батыш Цзинь, 386– 534-ж. Түндүк Вэйдин борбору болгон. Бийликте 7–10-кылымда Тан династиясынын өкүлдөрү болуп, императордун ак сарайы Лоянга көчүрүлгөн. 13- кылымда борбор Пекинге которулуп, Лоян уезддик шаар болгон. Шаардын экономикасы 1949-жылдан кийин тездик менен өнүгө баштаган.

Металл иштетүү, машина куруу, кебез-кездеме, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жай ишканалары өнүккөн. Университет (эң байыркы), китепкана жана башкалар бар. Баймасы будда храмы (биздин замандын 68-ж. негизделген, Кытайдагы будда храмдарынын алгачкыларынан), Лунмынь үңкүр храмы (100дөн ашык үңкүрдөн турат) сакталган. Шаарга жакын Гуян (495–575), Биньян (500–523), Фынсянь (627–75) ири үңкүрлөр (ар биринде скульптуралар бар; бийиктиги 15 м болгон эң чоң Вайрочан будда статуясы) жайгашкан. Лоянда жана анын айланасында бир нече жолу археологиялык казуулар болуп, байыркы тургун-жайлардын калдыктары, көптөгөн таш табыттар табылган. Алардын негизинде 1958-ж. Лоянга жакын Гуанлинь кыштагында (мурдагы Гуань Юн храмында) музей уюштурулуп, баалуу экспонаттар коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7