Лютерчилик

Википедия дан
M L (М. Лютер).

Лютерчилик - протестантизмдин негизги агымдарынын бири.

  • 16-кылымда Германияда Реформациянын жүрүшүндө пайда болгон. Ага М. Лютер негиз салган.
  • 16-кылымда Скандинавия, кийинчерээк Европа өлкөлөрүнө тараган.
  • Адегенде Лютерчилик протестантизмдин бир катар жоболорун негиз кылып алган; католик чиркөөсүнүн кээ бир сыйынуу белгилерин четке кагып, өзүнө ылайык келгендерин сактап калган; чиркөө коомунун укугун чектеген, Епископтор менен архиепископтор гана бийликтен пайдаланышкан.
  • Лютерчилик Библия, Чоң жанa Кичине катехи­зис ж. б. диний чыгармаларга таянган.
  • 1970-ж. анын жолун жолдогондордун саны болжол менен 75 млн болгон.
  • Бүткүл дүйн. Лютерчилик федерациясы 1947—70-ж. 82 Лютерчилик чиркөөсүнөн турган.
  • Лютерчилик чиркөөсү 1948-ж. уюшулган Буткул дүйнөлүк чиркөөлөр советине кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.