Маарак сымалдар

Википедия дан
Tringa totanus.

Маарак сымалдар (лат. Charadriiformes) – куштар түркүмү. Көбүнчө сууда жана суу жээгинде жашайт. Сырткы кебетеси өтө ар түрдүү. Асмандан ылдый кудуганда куйругу жазылып, желге желбирегенде эчкинин маараганындай үн чыгат (аты ошондон улам). 3 түркүмчөсү (тартак тартарлар, чулдуктар жана чардак-чулдуктар) бар. Чардак чулдуктар 8 тукумга (ача куйруктар, чулдуктар, жөө күлүк чулдуктар, ак маарактар, каракчы чулдуктар, чардактар, чистиктер ж. б.) бөлүнөт. Маарак сымалдардын 300дөн ашык, КМШ өлкөлөрүндө 134 түрү кездешет. Арктикадан Антарктиканын жээктерине чейин таралган. Өтө суук жерлерде келгин куштар, уясын ачык жерге, аскага, чанда ийин­дерге же таш арасына салат. Көбү моногамдар, 2–4 жумуртка тууйт. Балапандары көбүнчө жу­мурткадан чыгары менен эле уяны таштайт. Көпчүлүк маарак сымалдар колония түзүп уялашат. Негизинен майда жандыктар менен азыктанат. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 3 түрчөсү катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]