Магеллан булуттары

Википедия дан
Магеллан булуттары.

Магеллан булуттары – туура эмес формадагы анча чоң эмес эки Галактика, биздин Галактиканын жандоочулары. 16-кылымда магеллан булуттарын биринчи сүрөттөп жазган португалиялык деңиз саякатчысы Фернан Магелландын ысмында аталган. Түштүк жарым шарда жайгашкандыктан КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан көрүнбөйт. Куралсыз көз менен караганда эки жаркыраган тумандуулук сыяктуу көрүнөт. Чоң магеллан булуттары 50 миң пк (160 миң жарык жылы) аралыкта жана массасы 10 млрд Күн системасына барабар. Ал эми Кичи магеллан булуттары алысыраак жайгашкан, башкача айтканда 56 миң пк (185 миң жарык жылы) жана массасы млрд Күн системасына барабар. Магеллан булуттары галактикалардын жергиликтүү тобуна кирет. Чоң магеллан булуттарында саны жана жашы боюнча ар түрдүү көптөгөн жылдыздар чогулмасы, ошондой эле биздин Галактикада болбогон эски жана жаш жылдыздардын шар сымал чогулмалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]