Мадригал

Википедия дан

Мадригал - классикалык поэзиядагы көлөмү чакан ыр түрүндөгү чыгарма. Көлөмү, композициясы боюнча эпиграммага жакын, бирок мазмуну боюнча андан кескин айырмаланып, негизинен мактоо, даңазалоо басымдуулук кылат.

Кайра жаралуу доорунда Мадригал муз.-поэтикалык жанр болгон. Мадригал орустун 18-кылымдын акырындагы жана 20-кылымдын башындагы поэзиясында арбын учурайт. Ашкере көркөм жанa чебер жазылган Мадригалдар А. Пушкиндин, М. Лермонтовдун поэзиясында арбын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.