Макам

Википедия дан

Макам (араб. макам - туруу орду, берене басуу чеги) - арабдарда, түрктердө жана иранда тараган оозеки салттык музыка жанры.

Макам араб музыкалык маданиятыңда бир нече мааниде колдонулат:

  • а) араб музыка өнөрүндөгү чыгармалардын композициялык өнүгүү принциби;
  • б) Макам Аткарылган жанрдагы ладдын аталышы;
  • в) туруктуу түзүлүшкө ээ болгон Макамдын жекече жанрдык аталышы (мис., «Макам-аль-Ирак» - «Ирак макамы» ж.
  • г) Макам принциби Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия элдеринин музыка өнөрүндө тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.