Марий Эл Республикасы

Википедия дан

Марий Эл Республикасы - (лугмарий. Марий Эл Республик; тоолуу марий. Мары Эл Республик) Орусиянын Европа бөлүгүнүн борборунда, Ортонку Волга боюнда жайгашкан республика

Марий Эл Республикасы (МЭр)

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 23,4 миң км2. Калкы 698,2 миң (2010). орточо жыштыгы 1 км2 жерге 32 киши. Борбору – Йошкар-Ола шаары Ири шаарлары: Волжск, Козмодемьянск. Шаар калкы 63,2%. Акимий-аймактык жактан 14 районго, 4 шаарга, 15 шаарчага бөлүнөт. Орустар басымдуу (47,5%), ошондой эле марийлер (43,3), татарлар (5,9%) ж. б. улуттун өкүлдөрү да жашайт. Калкынын көпчүлүгү православиелер, андан тышкары мусулмандар, протестанттар, жергиликтүү динди туткандар да бар.

Марий эл жайгашуун картасы.

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик бийликтин органдар системасы РФтин жана Марий Эл Республикасынын конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекеттик бийлик – Мамлекеттик чогулуш тарабынан жүргүзүлөт. Ал жалпы эл тарабынан 5 жылга шайланган 52 депутаттан турат. Республиканы президент башкарат.

Мари Элдеги марилер картасы.

Волга бою федерация округуна кирет. Табияты адамдын жашоо шартына жагымдуу. Экологиялык абалы аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө канааттандырарлык. Чебоксары суу сактагычы айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүдө. Марий-Чодра улуттук паркы, Чоң Кокшага коругу, 9 заказник, 38 табигый (анын ичинде ботаника, зоология) эстеликтер уюштурулган. Жеринин бети – адырлуу түздүк.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес. Жайы салкын. Январдын орточо температурасы –13°С, июлдуку 19°7С. Жылдык жаан-чачыны 460 мм. Башкы дарыясы – Волга. Аймагынын 55,6%ин токой ээлейт. Ийне жалбырактуу токой басымдуу.

Толман, Мари Эл.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыя өрөөндөрүндө жазы жалбырактуу токой өсөт. РФтин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 12 түрү (анын ичинде калипсо, марал кулак ж. б.), дарактын 107 түрү (анын ичинде кара терек, кадимки ясень) киргизилген. Фаунасында сүт эмүүчүлөрдүн 60 (анын ичинде МЭРдин Кызыл китебине 23 түрү киргизилген)), уялоочу куштардын 176 (анын ичинде 57си), балык менен оймок ооздуулардын 42 (анын ичинде 10у), сойлоочулардын 7 түрү кездешет. Табигый курулуш материалдарынын, айнек кумунун, сапропелдин (чиринди), табигый минералдык боёктордун, дары баткактардын, мин суулардын запасы бар.

Йогыман Памаш

Улуттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы – марийлер (42,9%), орустар (47,5%), башка улуттар да бар. Марийлердин пайда болушу биздин замандын 5–7-кылымдарына туура келет. 13-кылымда моңгол-татарлар басып алган. 1551–52-жылдары Россиянын курамына кирген. 1920-жылы РСФСРдин курамында Марий АОсу, 1936-жылы Марий АССРи болуп түзүлгөн. 1992-жылдан Марий Эл Республикасы.

Марий ӨКСР туусу.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республика Волга-Вятка экономикалык районунун курамына кирет. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 15484,0 млн рублди түзөт. Андагы өнөр жайдын үлүшү 27%. РФтин экономикасында Республика муздаткычтардын жабдууларын, токой даярдоочу техникаларды чыгаруу жана целлюлоза-кагаз өндүрүшү менен өзгөчөлөнөт. Машина куруу [ири ишканалары: «Ариада» (соода жана өнөр жай муздаткычтары), «Гран» (тез муздатуучу аппараттар, аба муздатуучу жабдуулар), «Марийский машиностроитель», «Изотоп» өндүрүш бирикмеси; «Контакт», «Новатор» АК)], тамак-аш, электр-техникалык, электроника, оптика, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, өнөр жай ишканалары жана булгаары-бут кийим, булгаары-мех фабрикалары иштейт.

Волга-Вятка экономикалык аймагы.

музыкалык аспаптарга салттуу оймо түшүрүү өнүккөн. Экономикасында маанилүү орунду нефть ажыратуу (эң ири Марий нефть тазалоочу ишканасы; кубаттуулугу 1250 миң тонна чийки нефть) жана нефть продукцияларын чыгаруу ээлейт. Мал чарбасы (анын ичинде сүт багытындагы) өнүккөн. Бодо мал, кой, чочко асыралып, үй канаттуулары багылат. Дан эгиндери, жашылча, картошка, кендир, кулмак өстүрүлөт. Темир жолунун узундугу 152 км, автомобилдики 3313 км (анын ичинде асфальтталганы 2900), деңиз жолу 279 кмден ашык. Волга жана Ветлуга дарыясында кеме жүрөт. Негизги деңиз порттору: Волжск, Звенигово, Кокшайск, Козьмодемьянск, Юрино. Йошкар-Олада аэропорт бар. Жалпы билим берүүчү 401 окуу жайы, 32 алгачкы жана атайын билим берүүчү, 6 жогорку окуу жайы (анын ичинде 4 мамлекеттик, филиалдары менен), 6 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, улуттук аспаптар оркестри, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, ачык асман астындагы этнографиялык), «Замок Шереметева» архитектуралык-чарбак музей- корук, М. Шкетандын үй-музейи, 3 республикалык китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.

Билим берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик даярдоону жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 96%ти түзөт. (2008). Окутуу негизинен марий жана орус тилинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлары бар. Университеттер, илимий мекемелер, китепканалар жана музейлер Йошкар-Ола шаарында жайгашкан. Марий мамлекеттик техникалык университети (1932), Н. К. Крупская атындагы Мамлекеттик педагогика институту (1931), Марий мамлекеттик университети (1972) ж. б. ири окуу жайлары, С. Г. Чавайн атындагы улуттук китепканасы (1876), Улуттук музейи (1920), Көркөм сүрөт музейи (1981), Ачык асман алдындагы этнографиялык музейи (1961), 120дан ашык гезит-журналдары, анын ичинде «Марий Эл», «Марийская правда», «Волжская правда» ж. б. гезиттери бар. Радиоуктуруусу 1929-жылдан, телекөрсөтүүсү 1960-жылдан иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Марийлердин көркөм адабияты 1905–07-жылдардагы революция мезгилиндеги улуттук-боштондук кыймыл учурунда пайда болгон. Марий адабиятына негиз салуучулар: С. Г. Чавайн, М. С. Герасимов-Микай, Н. С. Мухин ж. б. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун Мари бөлүмү уюшулган. Адегенде Марийлердин адабиятынын негизги жанры поэзия болгон. Драмалык чыгармалар көбүнчө коом, тиричилик темасында жазылган. Марий адабиятында роман, повесть жанры 30-жылдары М. Шкетандын «Эренгер» (1933), Шабдардын «Аял сапары» (1929–37) романдары, Н. В. Игнатьев, Я. Ялкайн, Д. Орайдын ж. б. повесттери жаралган. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде поэзия күчтүү өнүккөн (С. А. Вишневский, Н. И. Казаков). Согуштан кийин прозада Н. Лекайн, В. М. Иванов, Эрыкандын роман, повесттери жарыкка чыккан. Көрүнүктүү акын-жазуучулар: В. Н. Косоротов, А. Юзыкайн, М. И. Якимов, В. Х. Колумба. адабият таануу жана адабий сында А. А. Асылбаев, К. К. Васин, В. Столяров, М. А. Георгина, С. Эман ж. б. чыгышты.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Марийде археологиялык казууда чоподон, таштан жасалган айбанат тулкулары (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто чени) табылган. Марийлерде жыгач бедерлөө, үй буюмдарын саймалап жасоо ж. б. байыртадан өнүккөн. Азыркы мезгилде шаарлар генплан боюнча салынып, 30-жылдардан монументтүү таш үйлөр, административдик имараттар (университет, 1936, архитектор А. З. Гринберг); кинотеатрлар, маданият сарайлары, турак үйлөр тургузулган. 1941-жылы СССР Архитекторлор союзунун Марий бөлүмү түзүлгөн. 20-жылдардын орто ченинде орус сүрөтчүлөрү В. К. Тимофеев жана П. А. Радимов менен катар А.В. Григорьев, К. Ф. Егоров жана Е. Д. Атлашкина сыяктуу улуттук сүрөтчүлөр профессионал сүрөт искусствосуна негиз салышкан. 1961-жылдан РСФСР сүрөтчүлөр союзунун Мари бөлүмү (1968-жылдан Марий АССРинин сүрөтчүлөр союзу) иштейт. 1910-жылы мари тилинде биринчи театр оюну көрсөтүлгөн. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин өнөрпоздор ийрими кулач жайган. 1919-жылы Мари элинин көчмө театры (Йошкар-Ола) Т. Осыптын «Закон үчүн» спектакли менен ачылган. Реалист профессионал театрдын калыптанышына орус классиктеринин жана марий драматургдары С. Г. Чавайн, М. Шкетандын пьесаларынын коюлушу зор таасир тийгизген. 1929-жылы Марий мамлекеттик театры (1948-жылы М. Шкетандын ысмы берилген) уюшулган. Йошкар-Олада республикалык орус драма (1936) жана Куурчак (1943) театрлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]