Махараштра

Википедия дан

Махараштра - Индиядагы штат. Индостан жарым аралынын түндүк-батышында. Аянты 308 миң км2. Калкы 50,3 млн (1971). Административдик борбору — Бомбей шаары. Махараштра— Индиядагы өнөр жайы өнуккен штат. Анын үлүшүнө Индиядагы фабрика өнөр жай чарбасына келет. Калктын 60%тен ашыгы айыл чарбада иштейт.

Индия Махараштра штаты

Индиянын картасында жайгашкан Махараштра штаты.

Махаращтра өлкөдө пахта жанa арахис жыйноо боюнчча 1-орунда. Май өсүмдүктөрү, бал камыш, дан эгиндери — таруу, буудай, шалы ж. б. өстүрүлөт. Негизги өнөр жай тармагы — кебезден кездеме токуу (борбору Бомбей); жасалма жибек жанa жүндөн кездеме то­куу өнүккөн. Тамак-аш (кант, май, ун тартуу ж. б.), машина куруу (ста­нок, электр машиналарын, автомо­биль куруу ж. б.), химия (боёк, жасалма була, дары-дармек ж. б.), нефть-химия өнөр жайлары бар. Чоң Бомбейде өлкөдөгү 1-атом реактору курулган. Махараштранын чыгышында (Впдарбхи) тоо-кен өнөр жайы өнүккөн : марганец, көмүр казылат). Тарапуреде АЭС бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.