Мекенчилдик

Википедия дан

Мекенчилдик ― Ата Мекенди сүйүү, анын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору экенин көрсөткөн адептүүлүк жана саясий принцип. Мекенчилдик жеке кызыкчылыкты мекен же элдин кызыкчылыгына баш ийдирүү, аны коргоого даяр туруу, мекенинин маданий жана башка жетишкендиги, анын өзгөчөлүктөрү менен сыймыктануу, аларды сактоого болгон аракет аркылуу чагылдырылат. Ал акырындап кылымдар бою башкалардан обочолонуп отуруп калыптанган өлкө, туулган жер, тил, каада-салтка болгон ыйык сезимдин жыйындысы болуп саналат. Улуттун жаралышы, улуттук мамлекеттердин түзүлүшү менен мекенчилдик коомдук аң-сезимдин ажырагыс бөлүгүнө айланган. Анын төмөнкүдөй формалары белгилүү: полистик мекенчилдик ― антикалык шаар-мамлекеттерде сакталган; империялык мекенчилдик – өз империясы жана өкмөтүнө көрсөткөн лоялдуу мамиле; этникалык мекенчилдик ― өз этносуна болгон сүйүү; мамлекеттик (улутчулдук) мекенчилдик ― өз мамлекетине болгон сүйүү; квастык мекенчилдик (ура-мекенчилдик) ― өз өлкөсү, элине болгон өзгөчө, адаттан тышкары сүйүү. Булардан тышкары мекенчилдикке жамынып, өзүнүн жеке мүдөөсүн коргогон учурлар да кездешет. Буга байланыштуу аны сынга алуу, тануу, терс сапат катары санагандар көп болгон. Мисалы, Л. Толстой мекенчилдикти «орой», «зыяндуу», «адепсиздик» деп бааласа, В.И. Ленин апрель тезистеринде Убактылуу өкмөткө макул болгондорду сынаган, ал эми профессор П. Гомберг (АКШ) расизмге салыштырган.