Мексика революциясы (1910-17)

Википедия дан
Мексика революциясы.

Мексика революциясы (1910-1917) — феодалдык калдыктарга, репрессиялык аскер-полиция режими жана чет элдик монополия эзүүсүнө карты чыккан буржуаздык-демократиялык революция.

Бул революция агрардык маселени чечүү, Мексиканын өз алдынчалыгына империализм туудурган коркунучту алдын алуу максатын көздөгөн.

1910-ж. ноябрда өлкөнүн көп жеринде куралдуу кыр көрсөтүүлөр чыккан. Революциянын кулач жайышынан чочулаган АКШ Мексикага эки жолу (1914, 1916) куралдуу ин­тервенция жасаган, бирок анысы ийгиликке жетишкен эмес. Либерал помещиктер менен буржуазияга мүдөөлөш В. Каррансанын өкмөтү (1914—1920) социалдык реформалар жүргүзүү жана агрардык маселени чечүү программасын иштеп чыкпай, ошондон улам өлкөдө граждандык согуш башталган. Кар­ранса дыйкандардын В. Вилья, Э. Са­пата башкарган армиясын талкалаган. Куралдуу күрөш токтой электе Керетаро шаарында өткөн Уюштуруу чогулушунда (1916-ж. декабрынан — 1917-ж. январы) буржуазия-демократиялык конституция ка­был алынып, Мексика революциясы аяктаган.

Ал кон­ституция прогрессчил реформаларды жүзөгө ашыруута, чет элдик монополиялардын мүлкүн мамлекеттештирүүгө жана башкаларга өбөлгө түзгөн (к. Мексика макаласы, Тарыхы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.