Мектеп-интернат

Википедия дан

Мектеп-интернат (лат. internus— ички) — жатаканасы (интернаты) бар мектеп.

Көбүнчө он бир жылдык(Совет мезгилинде сегиз жылдык). КПССтин 20-съездинин чечимине ылайык түзүлө баштаган. Буга биринчи иретте жетим балдар, согуш жана эмгек майыптарынын (инвалиддеринин), алыскы оторлордо кыштаган малчылардын балдары кабыл алынган. Мектепөинтернат тарбиялануучулар кийим, тамак жана окуу куралдары менен камсыз кылынат. Ата-энелүү балдардын ата-энелери айлыктарына жараша акча төлөп турат.

Кыргыргыстанда 37 мектеп-интернаты. бар (1978).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.