Механикалык ткань

Википедия дан
4:Луб. 5:Склеренхима.

Механикалык ткандар — Өсүмдүктөргө бекемдик берүүчү калың каптуу клеткалардын тобу. Механикалык ткандар жаш клеткаларда болбойт. Көп жылдык өсүмдүктөрдө көп кездешет. Сууда өскөн өсүмдүктөрдө начар өөрчүгөн. Нымдуу жерде өскөн өсүмдүктөрдө жокко эсе. Механикалык ткандар 3 - бөлүнөт:

Колленхима[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колленхиманын - 2 өзгөчөлүгү бар.

  • клеткалары тирүү.
  • клеткаларынын калың кабы жакшы калыңдабайт.

Жаш өсүп жаткан органдарда болот. Клеткалары тирүү өсүп турат. Сабакта, жалбыракта, гүлдүн мүчөлөрүндө колленхиманын 3 түрү бар, клетканын калыңдашына жараша.

  • Бурчтуу.
  • Жалпак.
  • Көпшөк.

Бурчтуу колленхима - калың кабынын бурчтары калыңдайт. Жалпак колленхима - ички, сырткы керегеси калыңдайт. Көпшөк колленхима - буларда аралык боштуктар көңдөйчөлөр, ошол көңдөйчөнү караган керегеси калыңдайт.

Склеренхима[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Механикалык ткандардын ичинен эң кеңири таралган вегетативдик органдардын баарында кездешет. Сабак, гүл, жалбырак. Мисалы, мачалка склеренхимадан турат. Клеткалары узун, капталдары калың, кээде ичинде көңдөй калат. Буларды була талдар д.а. Склеренхима 2-бөлүнөт.

  • Кабык склеренхимасы.
  • Жыгач склеренхимасы.

Кабык склеренхимасы - сабактын, тамырдын кабыктарында болот. Склеренхиманын кабыгы лигнинденбейт, же начар лингинденген, ошон үчүн була алынат. Мисалы, зыгырдан кездемелер алынат, лингиндеринен кап, жиптер жасалат.

Склереиддер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Паренхима клеткаларынан турат. Керегелери өтө калың ичинде тешикчелери бар. Склереиддер ар кайсы органдарда кездешет. Көпчүлүк учурларда мөмөлөрдө кездешет. Бул таштай клеткалар. Мисалы, алмурут, булардын каптарында минералдык заттар сиңип текши калыңдагандан кийин таштай катуу тогологураак келген клеткалар. Айва, алмурут, чайдын жалбырактары, маслинкаларда, чычырканактын ашында, кара өрүктө, жаңгакта кездешет. Булардын калың кабынын курамында кремнизем, акиташ болот. Булар өлүк клеткалар.

Абылкасымова Гулиза

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]