Миксомицеттер

Википедия дан
Fuligo septica.

Миксомицеттер (гр. myxa — былжыр жана mykes — козу карын) — хлорофиллсиз козу карын сымал организмдердин тобу.

Миксомицеттердин 400дөй түрү белгилүү, алардын көпчүлүгү — космополиттер. Вегетатив фазасы коп ядролуу кабыксыз цитоплазма—плазмодийден туруп, диплоиддүү. Чоңдугу бир нече жылден 1 жге жетет. Репродукциялуу фазасы кабыктуу спора түрүндө болот. Ар бир спора дан бирден эки шапалакчалуу, кабыксыз. кыймылдуу клетка чыгат. Мындай клеткалар бир нече жолу бөлүнүүдөн кийин миксамебага айланып, зигота пайда кылуучу гаметанын ролун аткарат. Зиготалап кошулуп, плазмодийди түзөт. Кийинчерээк бардык плазмодий же аньга бөлүгү споралуу спорангийге айланат.

Миксомицеттер токойдогу чириген сөңгөктө, нымдуу желерде өөрчүйт. Көпчүлүгү — сапрофиттер, айрымдары — а. ч. өсүмдүктөрүнө илдет таратуучулар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.