Миссионерлик

Википедия дан

Миссионерлик (миссия дегенден) — диний уюмдардын жана чиркөөнүн башка динге ишенгендерге кайрыйлууну жана чиркөөдөн кол үзгөндөрдү кайрууну көздөгөн иш-аракетинин бир түрү.

Миссионерлик иш жүзүндө үстомдүк кылган социалдык топтун жанa өкмөттүн саясий максаттарынын жүзөгө ашышына көмөк көрсөтөт.

Миссионерлик буддизмде б. з. ч. 3-кылымда, христиан дининде 4-кылымда пайда болгон. Исламда Миссионерлик милдетти суфизмдин өкүлдөрү аткарышкан. Россияда Миссионерлик орус эмес калкты зордоп христиандаштырууга байланыштуу тараган. Азыр чет өлкөлөрдө миссионерлер иш-аракетин жаңы шартка ылайыкташып улантууда.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.