Молекулалык биология

Википедия дан
Молекула биологиясы (Лаборатория).

Молекула биологиясыбиологиянын тиричиликтин негизин түзгөн химиялык бирикмелердин структуралык өзгөчөлүктөрүн, касиетин, анын биологиялык функциясы менен байланыштырып изилдөөчү тармагы. Молекула биологиясынын негизги багыты – биологиялык объектилерди молекулалык деңгээлде изилдөө жана белок биосинтези, тукум куугучтук, генетикалык информацияны сактоо жана берүү, молекулдук вирусология, молекулдук иммунология жана башкалар. Ал негизинен белок жана нуклеин кислоталарын изилдейт. Молекула биологиясынын негизги изилдөө объектиси – клетка ядросу, митохондрия, рибосома, хромосома, ошондой эле вирустар, бактериофагдар жана башкалар. Биохимия, биофизика жана биоорганикалык химия, молекулалык генетика менен тыгыз байланышта.

Молекула биологиясынын илим катары калыптанышы 1953-жылы англис тилинде илимпоздор Ж. Уотсон менен Ф. Крик дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) структуралык түзүлүшүн ачкандан кийин башталды. Вул ачылыш генетикалык информацияны алып жүргөн ДНКнын структуралык түзүлүшүн, анын биологиялык функциясын мүнөздөгөн. Молекула биологиясынын жетишкендиктери: ДНКнын жана вирустардын структурасынын, генетикалык коддун ачылышы, гендерди бөлүү, гендин Химиялык жана биологиялык синтези, гендерди бир организмден экинчиге которуштуруу жана башка Анын биринчи иретте чечүүчү маселелери тукум куума ооруларды алдын алуу, биологиялык катализдин, башкача айтканда ферменттердин, гормондордун, уу заттардын жана дарылардын таасиринин молекулалык механизмин билүү жана башка Акыркы жылдары молекула биологиясынын дагы бир бөлүгү генетика инженериясы калыптанды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]