Мутагендер

Википедия дан

Мутагендер (мутация жана гр. genes - туулган, пайда болгон; туудургуч, пайда кылгыч) - тирүү организмдерге таасири спонтандык мутациялардын жыштыгынын деңгээлинен жыш мутацияларды пайда кылуучу физ. жа хим. факторлор. Физ. М-ге жогорку жана төмөнкү темп-ра, ультракызгылткөк жана иондоштуруучу нурлануулардын бардык түрлөрү (гамма жана рентген нурлары, протондор, нейтрондор ж.б.); ал эми хим. М-ге - алкилдештирүүчү, нуклеин к-таларынын азоттук негиздерине окшош кошулмалар, биополимерлер (чоочун ДНК же РНК) кирет. Мутациялардын жыштыгын 1000 эсе жогорулатуучу М. күчтүү М. (супермутагендер) деп аталат. М-дин көпчүлүгү канцерогендер жана тератогендер болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]