Мэтт Деймон

Википедия дан

Мэттү Пейж Деймон (англ. Matthew Paige Damon, айтылышы: /ˈdeɪmən/; 1970-жылы 8-октябрь) – америкалык актер, продюсер жана сценарист. Актер Forbes журналдардын арасында эң суроо-талаптуу жылдызы жана бардык замандардын эң кирешелүү актеру болуп саналат. Деймон бир канча сыйлыктарга ээ, алардын арасында "Оскар" сыйлыгы (беш номинациядан), эки "Алтын глобус" сыйлыгы (сегиз номинациядан), Британия Фильм сыйлыктарынын эки номинациясы жана "Эмми" сыйлыктын алты номинациясы.

Кембриджте (Массачусетс) туулуп өскөн Деймон актердук кесибин мектептин жогорку класстарынын театрдык оюндарында катышканы менен баштаган, актер биринчи ролун "Мистикалык пицца" (англ. Mystic Pizza, 1988) тасмасында аткарган. 1997-жылы Деймон "Акылдуу Уилл Хантиң" (англ. Good Will Hunting) тасманын сценарийин жазып жана тасмада Бен Аффлек менен бирге тартылып атактуулукка жеткен, бул тасма аларга "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктардын "Эң мыкты сценарий" номинацияларынын жеңишин алып келген жана Деймон "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкери болгон. Актер "Жоокер Райанды куткаруу" (англ. Saving Private Ryan, 1998) (Райан), "Таланттуу мистер Рипли" (англ. The Talented Mr. Ripley, 1999) (терс каарман), "Догма" (англ. Dogma, 1999) (туура жолдон адашкан периште), "Сириана" (англ. Syriana, 2005) (энергетик), "Чыккынчылар" (англ. The Departed, 2006) (Ирландия-америкалык паракор полиция кызматкери) тасмаларда аткарган ролдору үчүн киносынчылар тарабынан жогору бааланган.

Деймон "Жейсон Борн" (англ. Jason Bourne) франшизасында (2002–16) башкы каармандын ролун аткарганы менен жана "Оушэн үчилтиги" (англ. Ocean's Trilogy, 2001–07) франшизасындагы ролу менен таанымал. Актер "Багынбас" (англ. Invictus, 2009) тасмада регби оюнчусу Франсуа Пиенаранын ролун аткарып "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясынын талапкери болгон, ал эми "Марсиан" (англ. The Martian, 2015) тасмадагы башкы ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациянын талапкери болгон. Акыркы тасмадагы ролу актерго "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясынын жеңишин алып келген. Актер "Канделябрлар артында" (англ. Behind the Candelabra, 2013) тасмада Скотт Торсондун ролун аткарганы үчүн жана "Жашыл чырак" (англ. Project Greenlight) телесериалдын продюсердик ишине Деймон "Эмми" сыйлыктын талапкери болгон. Деймон "Деңиз жээгиндеги Манчестер" (англ. Manchester by the Sea, 2016) тасманын продюсери катары "Оскар" сыйлыктын талапкери болгон.

Деймон тасмаларда роль аткарганына кошумчалуу мультфильм жана документалдык тасмалардын үнүн коштогон, ошоной эле ал Аффлек менен бирге эки тасма өндүрүүчү компанияларды негиздеген. Актер соопчулук иштерде активдүү түрдө катышат, алардын ичине ONE Campaign, H2O Africa Foundation, Feeding America жана Water.org уюмдары кирет. Деймон аялы Лүсьяна Бозан Баррозо менен бирге жашайт, жубайлардын үч кызы бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]