Некрополь

Википедия дан

Некрополь (гр. nekrjs – өлүк жана pjlis – шаар) – 1) байыркы дүйнөдөгү көрүстөндөрдүн аталышы. Некрополь – өтө баалуу археологиялык эстелик. Аларды изилдөө аркылуу байыркы адамдардын диний ишенимин, чарбасын, коомдук катнаштарын, өлгөн адамдын расалык тегин, өлүк коюу салттарын, мүрзө курулуштарынын түрлөрүн (күмбөз, пирамида, мавзолей жана башка) аныктоого болот; 2) белгилүү адамдар коюлуучу учурдагы айрым көрүстөндөрдүн аталышы. Мисалы,Россияда Новодевичье көрүстөнү, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]