Никобар аралдары

Википедия дан
Никобар аралдары

Никобар аралдарыИнди океанынын түндүгүндөгү 19 аралдан турган аралдардын тобу Индиянын Андаман жана Никобар бириктеш аймагынын түштүк бөлүгүндө, Бенгал булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында.

Аянты 1,6 миң км2. Ири аралдары ― суу астындагы тоо кыркалардын чокулары (бийиктиги 642 м), чакандары ― кораллдар. Дайыма жашыл тропик токою, өскүлөң чөптүү шалбаа ээлейт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Балык, трепанг кармалат. Үлүл чогултулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7