Новгород федалдык республикасы

Википедия дан
Новгород республикасы (1400).

Новгород федалдык республикасы - борбору Новгород ш. бол­гон Рустагы феод, мамлекет (12— 15-к.).

  • 1136-жылдан Киевге көз карандысыз бийлик кыла баштаган. Мамлекттик түзүлүшү боюнча ак сөөктүк феод, республика болуп, бийликтин жог. органы аталса да, чын бийликти боярлар жүргүзгөн.
  • Новгород федалдык республикасынын чарбасы дыйканчылык жанa мал чарбачылык болуп, шаарларында кол өнөрчүлүк өнүккөн. Новгород көпөстерү Германия, Дания жанa Швеция менен соода жүргүзгөн.
  • Феодалга күңкор дыйкандарды эзүүнүн негизги формасы оброк болгон. 15-кылымдан акча рентасы таралган.
  • Дыйкандар жерге бекитилип, бара-бара өз ээсинен кетүү укугунан ажыраган. 12—13-кылымда феод, эзүүнүн күчөшүнөн элдик көтөрүлүштөр кобөйгөн (1136, 1207, 122829, 1270, 1418, 144647).
  • 13-кылымдын 1-жарымында Новгород федалдык республикасынын калкы Балтика боюндагы элдер менен бирге Германия, Швеция жанa Дания феодалдарынын агресспясына каршы күрөшкөн.
  • Новгород федалдык республикасы монгол-татар залалын тарткан эмес, бирок Алтын Ордого салык төлөп турган.
  • Новгород федалдык республикасындагы таптык карама-каршылыктардын күчөшүнөн пайдаланган Москва княздыгы 1478-ж. аны биротоло Борбордоштурулган орус мамлекетинин составына кошкон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.