Огюст Роден

Википедия дан

Франсуа Огюст Рене Роден (1840, Париж – 1917, Парижге жакын, Мёдон) – француз скульптору. Чиновниктин үй-бүлөсүнөн. Парижде сүрөт тартуу жана математика мектебинде окуган (1854–57). Парижде жана Брюсселде иштеген (1871–77). Алгачкы иштеринде эле (мисалы, “Сынык мурун киши”, коло, 1864) чеберлиги байкалган. 1884–88-ж. Р. Кале шаарында “Кале граждандары” деген скульптура тобун (коло, 1895-ж. орнотулган) түзгөн. Р. 1880-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Дантенин “Ажайып комедия”, антик мифтер, библия уламыштары, француз акыны Ф. Вийондун жана ошол кездеги поэзиянын мотивдери боюнча “Тозоктун дарбазасы” аттуу горельеф композициясын түзгөн. Анын айрымдары өзүнчө тема болуп өнүктүрүлгөн (мисалы, “Ойчул”, 1888, А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи, Москва). 1880-жылдардын ортосунан Р-дин чыгармачылыгы үчүн татаалдашкан символикалык образдарды бири бирине карама-каршы келген эмоциялар аркылуу берүү мүнөздүү. Р. – скульптурада импрессионизмге негиз салуучулардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]