Ода (ыр)

Википедия дан

Ода (гр. – ыр) – лирикалык түргө кирүүчү жанр. Мындай ырлар кимдир бирөөгө же белгилүү бир окуяга, кубулушка арналып, шаңдуу темп менен айтылат. Ода байыркы грек адабиятынан бери эле белгилүү. Орус поэзиясында М. В. Ломоносов, Г. Р. Державин өнүктүрүшкөн. Бул жанрда жазылган көптөгөн ырларда (мисалы, В. В. Маяковский “Революцияга ода”, А. Токомбаев “Компартия жөнүндө ода” ж. б.) Октябрь төңкөрүшүн, компартияны мактоо үстөмдүк кылган, деги эле өткөн советтик мезгилдеги адабият ашкере саясатташуу кесепетинен ода. жанрын идеологиялык куралга айландырган. Азыр эми Ода ишкерлерге, тарыхый инсандарга, көзү өткөн ата-бабаларга арналып жазылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]