Одоакр

Википедия дан

Одоакр (болжол менен 431–15. 3. 493, Равенна) – Италиянын 476–493-жылдардагы королу. Скир аттуу германиялык уруудан чыккан. Батыш Рим империясында жалданма германиялык отряддардын бирин жетектеген. 476-ж. 23-августта Батыш Римдин акыркы императору Ромул Августулду тактан түшүрүп, өзүн Италия королу деп жарыялаган (бул окуя менен Батыш Рим империясынын кулашын байланыштырышат). 488-ж. Түндүк Италияга басып кирген остготтор Одоакр королдугун каратып алып, Одоакрды 493-ж. остготтордун уруу башчысы Теодорих өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]