Олигофрения

Википедия дан

Олигофрения — психиканын тубаса же төрөлгөндөн 3 жашка чейин пайда болгон кемчилдиги.

Олигофрения оорусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубаса кем акылдыкты ар кандай оорунун кесепетинен улам пайда болгон психикалык иш-аракеттин төмөндөшүнөн айырмалай билүү зарыл. Олигофренияга психикалык кемчилдик жана оорулуунун начар өсүшү мүнөздүү. Мээнин сезгенишинен болгон психикалык кемчилдиги да олигофренияга жатат.

Олигофрения пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын пайда болуу себептери ар түрдүү. Ал генетикага байланышы да мүмкүн (Тукум куугучтук). Организмде айрым зат алмашуунун, мисалы, аминокислоталардын (фенилкетонурия), углеводдордун (галактеземия) жана башкалар жетишсиздигинен пайда болушу ыктымал.Ошондой бала курсактагы кезинде эненин жугуштуу оорулар менен оорушунан, токсоплазмоз, котон жара болушунан жана башкалар үч жашка чейинки баланы кокустатып алуудан, төрөт учуруңдагы травмадан; мээнин травмасынан болушу мүмкүн. Олигофренияда таанып билүү гана эмес, ошондой эле бүтүндөй ой жүгүртүүсү (кабылдоо, эске тутуу, көңүл буруу, сүйлөө, эмоция, эрк жана башкалар) кемчил болот. Көпчүлүк оорулууларда сезүү, кыймыл органдары да начарлап, айрым органдардын жана системалардын өнүгүшүндө кемчилдиктер (бойдун өспөй калышы, дененин, баш сөөгүнүн туура эмес түзүлүшү, жыныстык жактан кеч же тескерисинче эрте жетилүү) байкалат.

Олигофрения бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кем акылдык даражасына жараша олигофрения идиотия, имбецилдүүлүк, дебилдүүлүк болуп бөлүнөт. Олигофрениядан жапа чеккендер врачтын көзөмөлүндө болууга тийиш, анткени Олигофрениянын айрым формаларына атайын дарылоо жүргүзүү мүмкүн, дарылоонун натыйжалуулугу анын өз учурунда башталышына жараша болот. Мисалы, фенилкетонурияда аминокислотасыз — фенилаланинсиз диета, галактоземияда айрым углеводдорсуз диета керек.

Токсоплазмоздон болгон Олигофренияда да атайын дарылоо курсун жүргүзүү зарыл. Анын бардык түрүндө дарылоо психикалык көнүгүүнү жакшыртууга багытталат. Олигофрениядан жапа чеккен оорулууларды социалдык адаптациялоодо түрдүү дарылоо-педагогикалык иш-чаралар (оорунун даражасына жараша атайын окутуу, эмгекке үйрөтүү) жүргүзүлөт. Мындай чараларды кем акылдар үчүн түзүлгөн атайын мекемелер жүргүзөт.

Саламаттыкты сактоо мекемелери менен катар бул ишке элге билим берүү жана социалдык камсыздоо бөлүмдөрү: балдар үйлөрү, бала бакчалар, көмөкчү мектептер, мектеп-интернаттар, атайын кесип тиктехникалык окуу жайлары, дарылоочу-өндүрүштүк мастерскойлор, инвалиддер үйлөрү катышат.

Олигофрения алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Олигофрениянын алдын алуу боюнча боюнда бар аялдарды, жаш балдарды травмадан, жугуштуу жана токсиндүү (ууландыруучу) оорулардан сактоого багытталган медицина-генетикалык жана социалдык иш-чаралар, ошондой эле ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]