Онтарио

Википедия дан

Онтарио (ирокез тилдеринде oniata rio – кооз) – Түндүк Америкадагы Улуу көлдөрдүн бири. АКШ менен Канаданын аймагында. Узундугу 310 км, жазылыгы 90 кмге чейин. Аянты 10,5 миң км2. Тереңдиги 236 мге чейин. Өзүнүн суу чогултуучу аянты 90 миң км2. Ниагара дарыясы аркылуу жогору жайгашкан көлдөрдөн суулар куюп, Онтариодон Ыйык Лаврентий дарыясы (Атлантикага чыгуучу кеме каттайт) агып чыгат. Онтарио көлү кеме каттоочу каналдар аркылуу Эри көлү (Уэлленд каналы), Гудзон дарыясы (Осуиго жана Эри каналдары) менен байланышат. Декабрдан майга чейин тоңот. Негизинен түзөң жана булуң-буйткасыз жээктеринде Торонто, Гамильтон, Кингстон (Канада), Рочестер (АКШ) ж. б. ири шаарлар жана порттор жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]