Оордук күч

Википедия дан

Оордук күчү, тартылуу – ар кандай эки нерсенин өз ара тартылуусу.

Эки материалдык чекит үчүн бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону аныкталган. Оордук күчү планеталардын кыймыл орбиталарын, асман телолорунун теңсалмактуулук фигураларын жана башкасын аныктайт. Азыркы кездеги тартылуу теориясы болуп салыштырмалуулуктун жалпы теориясы эсептелет. Жер бетиндеги оордук күчү негизинен жер бетинин формасына жана өлчөмүнө көзкаранды. Жердин берилген чекитине коюлган тик сызык оордук күчүнүн ошол ордундагы багытын аныктайт. Оордук күчү жер бетине тик болот жана чоңдугу тартылуучу нерсенин массасы менен оордук күчүнүн ылдамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар.

Оордук күчүнүн аномалиясы – оордук күчүнүн ылдамдануунун чоңдугунун орточо маанисинен четтеши. Эгерде оордук күчү орточо маанисинен чоң болсо, анда ал күчтүн аномалиясы оң болот.

Оордук күчүнүн ылдамдануусу – оордук күчүнүн аракетинен эркин материалдык чекиттин ылдамдануусу. Мындай ылдамданууга абасыз мейкиндиктен жана анчалык чоң эмес бийиктиктен Жерге түшүүчү ар кандай нерсенин оордук борбору ээ. Оордук күчүндөй эле оордук күчүнүн ылдамдануусу да Жердин географиялык кеңдигине жана деңиз деңгээлинин бийиктигине көзкаранды. Оордук күчүнүн ылдамдануусунун болжолдуу орточо мааниси g = 9,8 м/сек2. Бул термин эркин түшүүнүн ылдамдануусу деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов