Оппозиция

Википедия дан

Оппозиция (лат. oppositio – каршы чыгуу, каяша айтуу) – өкмөттүн же бийликте турган партиянын жүргүзгөн саясатына каршы өз көз карашы жана саясаты менен чыккан партиялар жана топтор. Демократиялык өлкөлөрдө бийликтин ажырагыс бөлүгү катары бардык саясий процесске катышуу аркылуу айрым учурда, бийликти толук колдоосу, кээде ага каршы болуусу менен өлкөнүн өнүгүшүнө оң таасир берет. 1) саясий; өкмөттү же бийлик органын ММК аркылуу сындоо, шайлоо жолу, парламентте көпчүлүктү түзүү же ага ишеним көрсөтпөө менен өкмөттү алмаштыруу; 2) тынчтык; митинг, жүрүш, иш таштоо ж. б. акцияларды колдонуу, импичмент жарыялоо аркылуу максатка жетип күч колдонуу: куралдуу көтөрүлүш, партизандык согуш, террордук актылар, аскер төңкөрүшү (путч) ж. б. аракеттери менен авторитардык же тоталитардык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөрдө демократиялык принциптер үчүн күрөшөт. Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын демократиялык багытта өнүгүүсүнө таасир тийгизген партиялар менен кыймылдарга: «Кыргызстан демократиялык кыймылы» (КДК), «Ар намыс», «Ата Мекен», «Ата Журт», Кыргызстан Социал-демократтар партиясы (КСДП), «Республика», «7апрель жаштар кыймылы», «Бириккен элдик кыймыл» ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]