Орнамент

Википедия дан

Орнамент (латынча ornamentum – кооздук) – көркөм сүрөттөөчү жана геометриялык элементтердин айкалышы менен ритмдик алмашууда сайылган сайма. Живопись, сүрөт, скульпторлук же сайма каражаттары менен аткарылган О. жасалгалык жана турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосунун предметтерине кооздук үчүн кызмат кылат, архитектура менен китеп графикасында кеңири колдонулат. Орнаменттик көркөм искусствонун жалпы стилистикалык белгилери ошол элдин көркөм сүрөт маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. тигил же бул тарыхый мезгил аралыгында белгилүү бир туруктуулукка ээ болуп, ачык көрүнгөн улуттук мүнөзү болот. О-тин касиеттери ар бир өзүнчө алынган учурда ал кайсы буюмду кооздой турган болсо, ошол буюмдун милдетине, формасына жана материалына көз каранды. О-тин көп сандаган түрлөрүнүн негизинде биринчи кезекте көркөм сүрөттөөчү башталыш жатат. Ал эмес көптөгөн геометриялык мотивдер өздөрүнүн келип чыгышы менен реалдуу предметтердин стилдешкен көркөм сүрөттөлүшү болуп эсептелет. Түзүлүш мыйзам ченемдүүлүгүнө карай адатта О-тин үч кеңири тараган түрүн кездештиребиз: орнаменттик тасмалар (фриздер, жээктөө, бордюрлар), розеткалар (тегерегинен кеткен О.) торчолуу О. (предметтин үстүн текши толтуруучу сайма); көркөм сүрөттөлүш башаты боюнча өсүмдүк, геометриялык, тератологиялык О., жаныбарлар О. (айбанаттык стилди кара) деп бөлүнөт. Орто Азия жана Жакынкы Чыгыш элдеринин көркөм искусствосунда О. көп учурда өз ичине жазууну (эпиграфиялык О.) да камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]