Орустар

Википедия дан

Орустар (орус. русские, russkié) — чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Улуу Британия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар.

Орустар
Расмий аталышы

Русские

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 133,5 млн
 Орусия: 105 579 170
 Украина: 8 334 141
Кырым МР 1 492 078
Севастополь 410 220
Казакстан желеги Казакстан: 3 000 611
 АКШ: 3 163 084
 Германия: 2 213 000
 Өзбекстан: 720 300
 Беларусь: 706 992
 Канада: 622 524
Латвия: 454 350
 Кыргызстан: 335 237
 Эстония: 315 252
 Израиль: 200-300 000
 Аргентина: 250 000

Тили

Орус тили

Дини

Православие

Расалык тиби

Европеоид расасы

 кирет

Слав элдери

Тууган элдер

украиндер, беларустар, русиндер

Этникалык топтор

казак-орустар

Келип чыгышы

байыркы славдар

Мамлекеттүүлүгү

Улуу Москва Падышалыгы (1263-1478)
Орусия Орусия Падышалыгы (1547-1721)
Орусия Империясы (1721-1917)
Орусия Орусия Республикасы (1917-1918)
РСФСР (1917-1922)
РСФСР (1922-1991)
 Орусия (1991-учурда)

Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.

Манас эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус — «Манас» эпосундагы этноним. Эпосто Көкөтөйдүн ашында чакырылган эл катары эскерилет: «Орус да бар, немис бар, Ойроттун баары тегиз бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 147). Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас орус элинин эпосторунун башкы каарманы Айламор (Илья Муромец) менен согушуп, аны жеңгени айтылат, к Айламор. В. В. Радлов жазып алган вариантта да Манастын О. эли жана анын падышасы «Ак падыша» (Николай) менен сый мамилеси көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]