Палаван

Википедия дан
Палаван.

Палаван (Palawan) – Филиппин архипелагынын батышындагы арал. Түштүк Кытай жана Сулу деңиздеринин аралыгында. Аянты 11,8 миң км2. Узундугу 450 кмдей. Тоолуу, бийиктиги 2085 мге чейин. Нымдуу тропик токою басымдуу; өрөөндөрүндө шалы, кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат. Негизги шаары – Пуэрто-Принсеса.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]