Панама каналы

Википедия дан
Панама каналы.

Панама каналыБорбордук Америкадагы жасалма суу жолу, Панаманын аймагында. Панама мойногунун эң жапыз жерин кесип өтүп, Атлантика океанын Тынч океан менен туташтырат. Эл аралык маанидеги негизги суу жолдорунун бири. Узундугу 81,6 км, анын ичинде 65,2 км кургактык, 16,4 кми Кариб деңизинин Лимон бухтасы, Панама булуңу аркылуу өтөт. Туурасы 150-305 м орточо терендиги 12,8 м; 12 шлюзу, 2 жасалма көлү бар. Каналдан кемелер орто эсеп менен 9 саатта, эң тези 4 саат 10 минда өтөт. Бир суткада 36-48, жылына 14 миң кеме өтүп, жүк ташуунун көлөмү 150 млн тдан ашат. Атлантика океанына чыга бериште Кристобаль жана Колон, Тынч океан жагында Бальбоа, Панама порттору жайгашкан.

Панама каналы (1916)

Панама каналын куруу идеясы 16-кылымдын башында пайда болуп, ал кийин гана ишке ашкан. 1846-ж. АКШ Колумбияга (анда Жаңы Гранада аталып, курамына Панама да кирген) Панама мойногу аркылуу жүктү бажы акысысыз өткөрүү жөнүндө келишимди тануулаган. Буга айрыкча АКШ, Улуу Британия жана Франция кызыктар болуп, ич ара атаандашуу жүргөн. Испан-Америка согушунан (1898) кийин канал куруу укугуна АКШ менен Улуу Британия ээ болгон. Бирок АКШ Панамадагы улуттук-боштондук кыймылдан пайдаланып, 1903-ж. Панаманын Колумбиядан бөлүнүүсүнө көмөк көрсөткөнү үчүн Панама зонасын алган. 1904-ж. АКШ Панама каналын курууну баштап, 1920-ж. 12-июнда аяктаган. 1943-ж. Панамада өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көчмө отурумунда Панама каналы боюнча 1903-ж. түзүлгөн адилетсиз чечим кайра каралып, жаңы декларация кабыл алынган. Анын жыйынтыгы боюнча Панама каналы 1999-жылдын 31-декабрынан Панамага өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]